ЖК жыйынын саат 16.00дө үч телеканал түз эфирде чагылдырат

Депутаттар президенттин өзгөчө кырдаал киргизүү боюнча жарлыгын жана премьер-министрдин талапкерлигин карашат.
Sputnik

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны бүгүн саат 16:00дө мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында өтөт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасында билдирди.

Отурум КТРК, Пирамида жана ЭлТР каналдарынан түз чагылдырылат.

Мамрезиденцияга жакын жерде аскер техникасы жайгаштырылып жатат. Сүрөт

Эл өкүлдөрү президенттин өзгөчө кырдаал киргизүү боюнча жарлыгын жана премьер-министрдин талапкерлигин карашат.