Жөнөкөй жигиттер Бишкекти коргошту. Мэр элдик кошуунга ыраазычылык билдирди

Шаар башчысы 5-9-октябрдагы башаламандык маалында талкаланган объектилерди карап чыкты. Чыгымдын жалпы суммасы 17 миллион сом болду.
Sputnik

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Бишкектин мэри Азиз Суракматов шаарды кайтарууга алган тургундарга ыраазычылык билдирди.

Бүгүн Суракматов мэриядагы командасы менен 5-9-октябрда талкаланган объектилерди кыдырып чыкты. Болжолдуу эсеп боюнча келтирилген чыгымдын суммасы 17 миллион сомду түзгөн. Мэр белгилегендей, шаарга кайдыгер карабаган жарандар болбогондо аталган сумма мындан да көп болуп калышы мүмкүн эле.

“Жөнөкөй эле балдар өз эрки менен чыгып, топторду түзүү менен шаарды коргошту”, — деди Суракматов.

Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар

Бишкекте 5-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыккан. Кечинде Ак үйдү алууга жасалган аракеттерден улам милиция менен митингчилердин ортосунда кагылыш болуп, миңден ашык адам жабыркап, бирөө каза болгон. Түндө митингчилер парламенттин имаратын басып алып, андан кийин Алмазбек Атамбаевди, Садыр Жапаровду жана башка абактагы саясатчыларды бошотушкан.

6-октябрда БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Кечинде бир катар парламентарийлер премьер-министр кызматына Садыр Жапаровдун талапкерлигин көрсөтүшкөн.

Мамрезиденцияга жакын жерде аскер техникасы жайгаштырылып жатат. Сүрөт

7-октябрда мамлекеттик ишканалар менен компанияларды басып алуу аракеттери болду. Нааразычылык акциялары уланып, курчуп дагы кетти. Митингчилердин айрымдары Жапаровду премьер-министр кылыш керек десе, экинчилери эски аткаминерлерди люстрациялоону талап кылып жатышат.
8-октябрда президент Сооронбай Жээнбековго депутаттардын кайсы бир бөлүгү импичмент жарыялоо процедурасын баштагандыгы маалым болду.

9-октябрда төрт партиянын өкүлдөрү өкмөт башчылыкка Өмүрбек Бабановду көрсөтүштү. Анын тарапташтары Атамбаевди колдогон митингчилерге кошулган. Аянтка уюшкан кылмыштуу топторго каршы чыккандар да келип кошулушту. Кийин митингчилер менен Жапаровдун тарапташтарынын ортосунда кагылыш болуп, Атамбаевдин унаасына ок атылган.