БИШКЕК, 10-окт. – Sputnik. Раим Матраимовду күч органдары издеп жатат. Бул тууралуу жаңы эле премьер-министр болуп дайындалган Садыр Жапаров билдирди.
Ага журналисттерден “Раим Матраимов качан камалат” деген суроо узатылган.
“Мага жеткен маалыматтар боюнча,Раим Матраимовду учурда күч органдары издеп жатат”, — деди Жапаров.
Бүгүн парламент кезексиз жыйынга чогулуп, Садыр Жапаровдун талапкерлигин карап, аны бир добуш менен колдоп беришти.