БИШКЕК, 10-окт. – Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган Мыктыбек Абдылдаев парламенттин кезексиз жыйынында өз каалоосу менен отставкага кеткенин билдирди.
Ушу тапта жыйын уланууда.
"Мени оор кырдаалда бекитип бердиңиздер, ошондон тарта колумдан келишинче иштедим. Мыйзам боюнча менин отставкамды көңүлгө гана алып коюшуңуздар керек. Менин шайланышым боюнча коомчулукта ар кандай пикирлер айтылып жатат. Ошондуктан мен кызматтан кетүүнү чечтим", — деди Абдылдаев.
Ал жыйынга жетекчилик кылууну вице-спикер Мирлан Бакировго өткөрүп берди.
Эскерте кетсек, 6-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков кызматтан кетүү боюнча арыз жазып, анын ордуна кезексиз жыйынга чогулган депутаттар “Бир Бол” фракциясынан депутат Мыктыбек Абдылдаевди шайлашкан. Бирок кийинчерээк айрым депутаттар анын кызматка дайындалышы мыйзамсыз экенин айтып чыгышкан.