УКМК Курсан Асановду дагы кармады

Буга чейин массалык башаламандыкты уюштуруу фактысы менен Фарид Ниязов, экс-президент Алмазбек Атамбаев эки жан сакчысы менен кармалган.
Sputnik

БИШКЕК, 10-окт. – Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы массалык башаламандык уюштуруу фактысы менен Курсан Асановду кармады. Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат кызматы кабарлады.

"Массалык башаламандык уюштуруу фактысы боюнча 10-октябрь күнү УКМК менен ИИМ ыкчам издөө иш-чараларын өткөрүп, Курсан Асановду кармады", — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, буга чейин УКМК массалык башаламандыкты уюштуруу фактысы менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди, жан сакчылары Канат Сагымбаев менен Дамир Мусакеевди Кой-Таш айылынан кармаган. Мындан сырткары, Фарид Ниязовду дагы колго түшүргөн