Депутаттар чогулчу "Ала-Арча" резиденциясынын айланасындагы абал. Видео

Бишкектин четиндеги мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз сессияга чогулушу күтүлүп жатат.
Sputnik

Эл өкүлдөрү президенттин өзгөчө кырдаал киргизүү боюнча жарлыгын жана премьер-министрдин талапкерлигин карашмакчы.

Учурда резиденциянын айланасында аскер техникасы жайгаштырылып жатканын, ал эми жер тамдардын жанында чатыр тигилгенин байкоого болот.