Мамрезиденцияга жакын жерде аскер техникасы жайгаштырылып жатат. Сүрөт

Бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резинденциясында Жогорку Кеңеш депутаттарынын кезексиз жыйыны болору күтүлүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Бишкектин четиндеги Чоң-Арык айылында, мамлекеттик резиденцияга жакын жерде аскер техникасы жайгаштырылып жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы жеринен кабарлап, сүрөт салды.

Сүрөттөрдөн жолдун четинде бир нече аскер унаасы турганын, ал эми жер тамдардын жанында чатыр тигилгенин байкоого болот.

Түндө аскер техникасынын Бишкекке кирип келген видеосу

Бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңеш депутаттарынын кезексиз жыйыны болору күтүлүп жатат.

Эске сала кетсек, кечээ, 9-октябрда, президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү саясий окуяларга байланыштуу өзгөчө абал киргизип, Бишкекке аскер техникасы менен аскердик түзүлүштөрдү алып келүүнү тапшырган