Унаа базарынын аймагында машинаны каттатуу мүмкүн эмес. Себеби

Банктардын биринин кассасы иштебегендигине байланыштуу унааны каттоодон өткөрүү мүмкүн эмес. Мамлекеттик каттоо кызматы коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн көрүлүп жаткан чарага түшүнүү менен мамиле кылууну өтүндү.
Sputnik

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. "Унаа" мамлекеттик ишканасынын Бишкектеги бөлүмүнүн регион аралык секторунда ("РИОМ авто" унаа базарынын аймагы) "Кыргызстан" банкынын кассалары 10-11-октябрь күндөрү иштебейт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кассалар Улуттук банк киргизген чектөөлөргө байланыштуу кызмат көрсөтпөйт.

"Буга байланыштуу айдоочулар автотранспорт каражаттарын 12-октябрдан тарта каттата алышат", — деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик каттоо кызматы коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн көрүлүп жаткан чарага түшүнүү менен мамиле кылууну өтүндү.

Мукамбетов: октябрда пенсия өз убагында берилет

Коопсуздукту камсыз кылуу максатында мекемени кайтарган кызматкерлерден кошуундар уюштурулган.