"Ала-Тоо" аянтына аскер унаалары келе баштады. Сүрөт

Бишкектин чок ортосуна күч түзүмдөрү инструктаж өткөрүү үчүн чогулуп жатышат. Аскерлер коомдук коопсуздукту камсыз кылууга даярдыгын көрсөтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтына аскер техникалары келе баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы билдирип, сүрөт жиберди.

Күч түзүмдөрү инструктаж өткөрүү үчүн чогулуп жатышат.

Саптык тескеме күч түзүм бөлүктөрүнүн Бишкектеги коомдук коопсуздукту жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга даярдыгын, деги эле алардын кызмат өтөөгө камын текшерүү үчүн уюштурулуп жатканы айтылган.

Бишкектин асманында учкан тик учактар. Генералдык штаб комментарий берди

Инструктаждын башында ички иштер министринин орун басары жана Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев болмокчу.