Жээнбеков Генералдык штабдын жетекчилигин алмаштырды

Буга чейин президент өкмөт башчы Кубатбек Бороновду ээлеген кызматынан жана анын милдетин аткаруучулуктан дагы бошоткон эле.
Sputnik

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Райымберди Дүйшөнбиевди кызматынан бошотту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мындай жарлыкка президент кол коюп, кайра эле башка жарлык менен анын ордуна Таалайбек Өмүралиевди дайындады.