УКМКнын жетекчиси кызматтан кетти

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз өкмөтүн отставкага кетирүү боюнча жарлыкка кол койгону айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси Орозбек Опумбаев кызматтан кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жарлыкка бүгүн, 9-октябрда, президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.