Клара Сооронкулова: түндө Бабановду ойготуп, өзүбүз ага кайрылдык

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкуловага журналисттер премьер-министрликке эмнеге Бабанов келиши керек деген таризде суроо узатышты.
Sputnik

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Бизге азыркы учурда тажрыйбасы бар күчтүү саясатчы керек болуп жатат. Ошондуктан биз Өмүрбек Бабановдун талапкерлигине макул болдук. Бул тууралуу "Реформа" партиясынын лидери, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова билдирди.

Ага журналисттер премьер-министрликке эмнеге Бабанов келиши керек деген таризде суроо узаткан.

"Жаштардын көбү бизге нааразы болушу мүмкүн, "жаштар келсин дебедик беле" деп. Бирок азыркы кырдаалда тажрыйбасы бар күчтүү саясатчы керек болуп турат. Ошол үчүн биз Бабановдун талапкерлигине макул болдук. Муну биз сунуштадык. Бабанов бизге кайрылган жок, биз түндө ушундай чечимге келип, ал кишини өзүбүз ойготуп, сунуштадык", — деди Сооронкулова.

Эске салсак, бүгүн төрт партия — "Ата-Мекен", "Реформа", "Республика" жана "Бир Бол" Өмүрбек Бабановду премьер-министрлик кызматка сунуштады.