БШК форма №2 колдонуу процессин татаалдаштырууну сунуштап жатат

Өткөн шайлоодо форма №2 менен катышууну каалаган 400 миңден ашык кыргызстандыктан арыз келип түшкөн. Муну менен катар үч киши шайлоо дарегин 22 жолу өзгөрткөн.
Sputnik

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү участкасынын дарегин алмаштырууга мүмкүнчүлүк берген форма №2ни колдонууну татаалдаштыруу маселесин карап жатат. Чечимдин текстин БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев Facebook баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, форма №2 боюнча добуш берүү участкасынын дарегин алмаштыруунун механизмин жарандардын укугу бузулбай тургандай кылып өзгөртүү зарыл.

БШК Жогорку Кеңешке кыска мөөнөттүн ичинде форма №2 боюнча маселени карап берүүсүн өтүнүп кайрылуу чечимин кабыл алды.

БШК органдарга "Биримдик" менен "Мекеним Кыргызстанды" текшерүүнү суранды

Сунушта добуш берүү дарегин бир гана жолу өзгөртүүгө болору, бир облустун ичинен алмаштырууга тыюу салынары жана арыздарды шайлоого 30 күн калганга чейин жыйынтыктоо айтылган.

Эске салсак, 4-октябрда өткөн шайлоодо форма №2 менен катышууну каалаган 400 миңден ашык кыргызстандыктан арыз түшкөн. Муну менен катар үч киши шайлоо дарегин 22 жолу өзгөрткөн.