Жээнбеков Генералдык штабга келип абалды турукташтырууну талкуулоодо

Мамлекет башчысы азыркы учурда эң башкы милдет Бишкек шаарынын тургундарынын коопсуздугун камсыздоо жана коомдук тартипти калыбына келтирүү экенин белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын жаңы дайындалган начальниги Таалайбек Өмүралиев менен өлкөдөгү абалды турукташтыруу маселесин талкуулады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков Генералдык штабга келип абалды турукташтырууну талкуулоодо

Ага ылайык, президент Жээнбеков Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабына барган.

Мамлекет башчысы азыркы учурда эң башкы милдет Бишкек шаарынын тургундарынын коопсуздугун камсыздоо жана коомдук тартипти калыбына келтирүү экенин белгиледи.

"Бүгүн Бишкек шаарына өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыкка кол койдум. Абалдан чыгуунун чарасы катары биз кечиктирилгис түрдө кырдаалды көзөмөлгө алып, тынчтыкты орнотуубуз зарыл", — деди президент.

"Ала-Тоо" аянтында ок атуу болду. Видео

Жээнбеков ошондой эле саясий чакырыктар менен кошо мамлекетти бөлүп-жарууга багытталган чакырыктар айтылып жатканын кошумчалады.

"Шаардыктар жана биздин мекендештер жоопкерчилиги жок саясатчылардын курмандыгы болуп калбашы керек. Ошондуктан мен мамлекет башчысы катары конституциялык укугумдан пайдаланып, элдин тынч жашоосу, мамлекеттин бүтүндүгүн камсыздоо үчүн болгон күчүмдү жумшайм. Өлкөдөгү акыл-эстүү күчтөрдүн баары мени колдойт деп ишенем", — деди мамлекет башчысы.

Бүгүн Бишкекте Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов баштаган саясий лидерлер өзүнчө, Садыр Жапаровдун колдоочулары өзүнчө митинг өткөрүштү. Алар борбордук аянтка чогулушуп, кагылышуу болуп, ок атылды.

Ушу тапта өкмөт үйүнүн алдында Садыр Жапаровдун тарапташтарынын митинги өтүп жатат.