Өлкөдөгү кырдаал турукташса, 1-класстан 6-класска чейинки окуучулар мектептен окутулат. Бирок санитардык-эпидемиологиялык кырдаал начарлап кеткен аймактарда окуучулардын аралыктан же мектептен окуй турганы Саламаттык сактоо министрлигинин чечими менен кабыл алынат. Бул тууралуу Айнура Кусеинова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып маалымдады.
Анын айтымында, 30-сентябрда 6-октябрдан баштап 2-6-класстын окуучулары реалдуу режимде окуу боюнча буйрук чыгып, бирок аны аткаруу акыркы убактардагы окуяларга байланыштуу убактылуу токтотулган.
Мугалимдикке окуган студенттердин стипендиясы 100%га көтөрүлдү
"Өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу окуучулар аралыктан окуп жатат. Ал үчүн телеканалдар аркылуу атайын видеосабактар уюштурулган. Өлкөдөгү абал жакшыра турган болсо, мурда мерчемделип жаткандай 1-класстан 6-класска чейин реалдуу режимде окутулат. Ал үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин чечими керек. Андан тышкары, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары тарабынан мониторинг жүргүзүлөт. Эгерде эпидемиологиялык абал туруктуу болсо 6-класска чейинки окуучулар мектептен окутулат. Ал эми балдардын, мугалимдердин ден соолугуна кооптуулук жаралган аймактарда окуу аралыктан улантылат. Окуу жылы башталгандан бери 1-класстар мектепте окутулуп жаткан. Себеби алар маалыматтык-технологияларды колдонуу жөндөмдөрү жок. Учурда аларды дагы убактылуу аралыктан окутууга туура келүүдө. Мугалимдер ийкемдүү расписание түзүп, кайтарым байланыш менен окутушууда", — деди Кусеинова.
Адис саясий кырдаалга байланыштуу уюлдук байланыштын иши үзгүлтүккө учурашы окуунун жүрүшүнө терс таасирин тийгизбегенин кошумчалады.