БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Өкмөт үйү тараптагы эски аянтта Садыр Жапаровдун тарапташтары улам көбөйүп жатат.
Акциянын катышуучулары саясатчынын атын айтып кыйкырып жатышат.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте бир нече митинг өтүүдө. Алардын бири "Ала-Тоо" аянтына жакын жерде уюштурулду. Ага катышып жаткандар өлкөнүн укуктук талаага кайтышын, парламенттин премьер-министрди шайлашын жана уюшкан кылмыштуу тобу катышпаган бийликтин келишин талап кылышууда.
Ал эми Садыр Жапаровдун тарапташтары саясатчынын премьер-министр болуп келишин талап кылышууда.