Өкмөт үйүнүн алдына Жапаровдун тарапташтары чогулууда. Сүрөт

Саясатчынын тарапташтары кайрадан Өкмөт үйүнүн алдына чогула баштады. Кечээ Садыр Жапаров аны колдоп баргандардын алдына чыгып, үйлөрүнө тарап кетүүсүн суранган.
Sputnik

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Өкмөт үйүнүн алдына Садыр Жапаровдун тарапташтары чогула баштады.

Эске салсак, эркиндикке чыккан Садыр Жапаров өзүн легитимдүү премьер-министр деп эсептей турганын айтып, иштеп баштаганын жар салган. Кечээ анын өкмөт башчынын кабинетинен түшкөн сүрөтү соцтармакта пайда болгон

Жапаров: Сооронбай Жээнбеков тынч эле кетип калайын деп айттырды

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы билдиргендей, чогулган эл анын атын айтууда. Өкмөт үйүнүн алдына келгендердин көбү эркектер.