БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 15 медицина кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
"Ош шаарында 1, Баткен облусунда 5, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 3 ак халатчан оору жуктуруп алган", — деп айтылат маалыматта.
Бир суткада коронавирустан 140 бейтап айыгып, 275 киши жуктурду
Ошондой эле сутка ичинде үй карантининен үч медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 3 379 учур катталды. Алардын ичинен 3 075и сакайды.