Бишкектин борборунан эки митингдин катышуучуларынын кагылышы болду.
Аянттан атышкан үндөр чыгып, таштар ыргытылды. Нааразычылык акциясынын кээ бир катышуучулары качып кетти. Көбүнчө Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабановдун тарапташтары Манастын эстелиги жайгашкан аймакты таштай качып, азыр ал жакта Садыр Жапаровдун тарапташтары жүрөт.
Тилек Токтогазиев "Ала-Тоо" аянтындагы митингден жаракат алды. Видео
Белгилей кетсек, "Ала-Тоо" аянтында белгисиз адам терезелери караңгылатылган автоунаага ок аткан видео тараган. Айрым ЖМКлардын жазганына караганда, анын ичинде Алмазбек Атамбаев болгон.
Буга чейин "Форум" мекемесинин алдында чогулуп турган мурдагы президент Атамбаев менен "Республика" партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабановдун тарапташтары "Ала-Тоо" аянтына келишкен. Саясатчылар эл алдына чыгып сүйлөп жатканда эски аянттан Садыр Жапаровдун тарапташтары келген. Алгач биринчи тарап Садыр Жапаровдун колдоочуларын сүрүп чыгарууга аракет кылып, кийин эки жактан тең таш ыргытылып, ызы-чуу башталган.