Алмазбек Атамбаев ок тийген автоунаасын көрсөттү. Видео

Буга чейин "Ала-Тоо" аянтында белгисиз адам терезелери караңгылатылган автоунаага ок аткан видео тараган. Ал автокөлүктө Алмазбек Атамбаевдин баратканы аныкталды.
Sputnik

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге аны жок кылуу аракети болгонун айтып, автоунаасына тийген октун изин көрсөттү. Анын видеосу Facebook баракчага жарыяланды.

Журналисттер "Алмазбек Шаршенович, бүгүн сизди жок кылуу аракети болду деп эсептейсизби?" деген суроо узатышты.

"Менин автоунаамды ойнош үчүн ок атты деп ойлойсуңарбы", - деди Атамбаев.

Ал ошондой эле эгер желим ок болгондо зооттолгон автоунааны тешип кетмек эместигин кошумчалаган.

Белгилей кетсек, буга чейин "Ала-Тоо" аянтында белгисиз адам терезелери караңгылатылган автоунаага ок аткан видео тараган.

Буга чейин "Форум" мекемесинин алдында чогулган эл менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен "Республика" партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабановдун тарапташтары "Ала-Тоо" аянтына келишкен. Саясатчылар эл алдына чыгып сүйлөп жатканда эски аянттан Садыр Жапаровдун тарапташтары келген. Алгач биринчи тарап Садыр Жапаровдун колдоочуларын сүрүп чыгарууга аракет кылып, кийин эки жактан тең таш ыргытылып, ызы-чуу башталган.