Бишкек: жугуштуу илдеттер боюнча жаңы оорукана жакында ачылат. Сүрөт

Объект төрт блоктон турат. Курулушка акчаны Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду берген.
Sputnik

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Бишкек шаарында коронавирус пандемиясынан улам эксперименталдык түрдө курулуп жаткан жүз орундуу оорукананын курулушу дээрлик (98 пайызы) аяктап калды. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, объект төрт блоктон турат жана алар жакынкы күндөрү колдонууга берилет. Бардык имараттардын чатыры жабылып, шыбы жылууланып, ички дубалдары жасалып-түздөлүп, эшик-терезелери коюлган. Андан сырткары, вентиляциялык каналдары, суу жана канализация түтүктөрү орнотулган.

Министр: Бишкекте эпидемиологиялык кырдаал татаалдашып кетчүдөй

Учурда имараттардын ичин актап-сырдоо, кафель чаптоо, айланасын көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.

Курулушка 67 миллион сомду Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду берген.