Соцтармакта Садыр Жапаровдун премьердин кабинетинен түшкөн сүрөтү тарады

Буга чейин Жапаров тарапташтары менен Өкмөт үйүнө кирип бара жатат делген видео жарыяланган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Социалдык тармакта Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин премьер-министрдин кабинетинен түшкөн сүрөтү тарады.

Буга чейин Жапаров тарапташтары менен Өкмөт үйүнө кирип бара жатат делген видео жарыяланган болчу.

Өкмөт үйүндө ушул тапта эмне болуп жатканы белгисиз. Имарат алдында Жапаровдун 300гө чукул тарапташы турат.