Садыр Жапаров Өкмөт үйүнөн чыгып чогулган элге кайрылды

Эркиндикке чыккан Садыр Жапаров өзүн легитимдүү премьер-министр деп эсептей турганын айтып, иштеп баштаганын буга чейин жар салган. Бүгүн соцтармакта анын өкмөт башчынын кабинетинен түшкөн сүрөтү пайда болду.
Sputnik

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Саясатчы Садыр Жапаров өкмөт үйүнүн алдында чогулгандарга  чыгып, үйлөрүнө тарап кетүүнү суранды.

Эске салсак, эркиндикке чыккан Садыр Жапаров өзүн легитимдүү премьер-министр деп эсептей турганын айтып, иштеп баштаганын жар салган. Бүгүн анын өкмөт башчынын кабинетинен түшкөн сүрөтү соцтармакта пайда болду.

"Биз каракчылыкка, башаламандыкка барбайлы. Андан көрө тарап кетиңиздер. Сиздерге маалыматты күн сайын эки маалдан берип турам", — деди Жапаров.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаровду колдоп бүгүн өкмөт үйүнүн алдына 400гө чукул тарапташы чогулган.