Оштогу митинг тарады. Ээн калган аянттын сүрөтү

Бүгүн Ош шаарында президент Сооронбай Жээнбековду колдогон митинг өткөн. Катышуучулар анын тынчтык маанайда болорун айтышкан.
Sputnik

ОШ, 8-окт. — Sputnik. Ош калаасынын борбордук аянтында митингге чыккандар тарады деп билдирди Sputnik Кыргызстандын кабарчысы.

Бүгүн аталган калаада президент Сооронбай Жээнбековду колдоо митинги өткөн. Нааразычылык акциясынын катышуучулары бул тынчтык митинги экендигин билдиришкен.

Алар "Легитимдүү президент Сооронбай Жээнбеков!", "Бизге стабилдүүлүк жана мыйзамдуулук керек!", "Мамлекет укуктук талаага кайтсын!" деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп чыгышкан.

Шаардын башкы аянтында 400дөй адам чогулган.