ОШ, 8-окт. — Sputnik. Ош шаарында президент Сооронбай Жээнбековду колдогондор митингге чыкты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин журналисти жеринен кабарлады.
Нааразычылык акциясынын катышуучулары бул тынчтык митинги экендигин билдиришкен. Алар "Легитимдүү президент Сооронбай Жээнбеков!", "Бизге стабилдүүлүк жана мыйзамдуулук керек!", "Мамлекет укуктук талаага кайтсын!" деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп чыгышты.
Шаардын башкы аянтында 400дөй адам чогулган.