Ошто күч түзүмдөрүнүн саптык кароосу өттү. Видео

Саптык кароодо Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов милиция кызматкерлерине оор кырдаалда кандай иштөө керек экендигин түшүндүргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Оштун борбордук аянтында шаардык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамына гарнизондук саптык кароо өттү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аймактык кабарчы билдирди.

Анын айтымында, саптык кароодо Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов милиция кызматкерлерине оор кырдаалда кандай иштөө керек экендигин түшүндүрүп, бир катар тапшырмаларды берген.

"Кайгуул милиция кызматкерлери, элдик кошуун менен бирге иш алып баргыла! Элге сылык мамиле кылып, өлкөдө болуп жаткан кырдаалды аларга туура түшүндүргүлө. Бир дагы адамдын укугу тебеленбей, мыйзам сакталышы кажет. Мен силерден ушуларды талап кылам", — деди Боронов.

Аймактык кабарчынын айтымында, Ош шаарында митинг токтоп, абал тынч. Аянтка тигилген боз үйлөр чечиле баштаганы айтылды. Жалпы беш боз үй тигилген.