Өлкөдөгү туруксуз кырдаалга карабай үстүбүздөгү жылдын октябрь айында пенсиялар өз убагында берилет. Социалдык фонд тарабынан бардык иштер штаттык режимде аткарылды. Бул тууралуу Жеңишбек Мукамбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, келерки аптадан тарта аталган мекеменин аймактардагы кызматкерлери пенсионерлер менен жолугуп, маалыматтык түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.
"Октябрь айынын пенсиялары өз убагында кечиктирилбей берилет. Бул 10-23-октябрь күндөрү карыяларыбыз акчасын колуна алып калат дегенди билдирет. Болгону айдын 10у дем алыш күнгө туш болгондуктан, каражат 12-октябрда которулат. Ошол күндөн тарта пенсионерлерге бериле баштайт. Бул биз тараптан жасалып жаткан иштер, ал эми банк аркылуу карточка менен пенсия алган жарандар ошол банктын ишмердүүлүгүнө жараша болот. Ошондой эле өкмөттүн токтому менен пенсияны көтөрүүнүн кезектеги иш-аракеттери толугу менен жүргүзүлдү. Ага ылайык, жашоо минимумунан төмөн акча алган карыялардын пенсиясынын базалык бөлүгүнө беш пайыз, башкача айтканда, 100 сом кошулат. Ошондой эле камсыздандыруу бөлүгүнө да 200 сомдон кем эмес кошумча каражат которулат. Ал эми 4 287 сомдон жогору алгандардын камсыздандыруу бөлүктөрү гана индексацияланып, жети пайыздан кем эмес кошулат", — деди Мукамбетов.
Ал карыяларды сарсанаа болбоого чакырды.