Курсан Асанов митингде жаракат алган кызматкерлерге барды. Сүрөт

Учурда ИИМдин бейтапканасында 52, ал эми башка ооруканаларда укук коргоо органдарынын 38 кызматкери жатат. Андан сырткары амбулатордук түрдө жардам алгандар бар.
Sputnik

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Ички иштер министринин милдетин аткаруучу жана Бишкек шаарынын коменданты Курсан Асанов массалык башаламандык учурунда жарадар болгон кызматкерлердин акыбалын көрдү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, бүгүн, 8-октябрда, Курсан Асанов 4-5-октябрдагы митингде жаракат алган кызматкерлерден кабар алган. Алгач министрликтин бейтапканасына баш баккан.

Курсан Асановдун издөө жарыяланган уулу Кыргызстанга кайтты

"Министрдин милдетин аткаруучу кызматкерлердин ар бири менен сүйлөшүп, мекеме тарабынан керектүү жардам берилерин айтты. Ошондой эле коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттерин аткаруу үчүн тез арада сакайып, жолдошторунун катарына кошулушуна тилектеш экендигин билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Дарыгер Асанов менен сүйлөшүп жатып, башаламандыкта жаракат алгандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жок экенин айткан.

Андан соң Курсан Асанов Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жаткан кызматкерлердин ден соолугун сурап барган. Сөөк дарыгери Сабырбек Жумабеков жана Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Калыс Шадыханов аларга ар тараптуу жардам көрсөтүлө тургандыгын билдиришкен.

Учурда ИИМдин бейтапканасында 52, ал эми башка ооруканаларда укук коргоо органдарынын 38 кызматкери жатат. Андан сырткары, амбулатордук түрдө жардам алгандар да бар.