Бишкектеги кагылышууда каза болгон жигиттин сөөгү Баткенде жерге берилди. Сүрөт

Үмүтбек Алтынбек уулу 2001-жылы Лейлек районунун Кара-Булак айылында туулган. Ал Бишкекте кесиптик орто окуу жайды бүтүрүп, тигүүчүлүк кесипке ээ болуп иштеп жаткан.
Sputnik

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Бишкекте митингден кийинки кагылышуудан каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулунун сөөгү кичи мекени Баткен облусунда жерге берилди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди.

Эске салсак, 5-октябрда "Ала-Тоо" аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митинг өткөргөн. Кийинчерээк чогулгандар Ак үйдү басып алууга аракет кылып, жыйынтыгында милиция менен болгон кагылышууда жабыркагандардын саны 1000ден ашты.

Алардын арасында 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу да болгон. Ал кулак тундуруучу граната жарылганда бутунан оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Тилекке каршы, дарыгерлер аны сактап кала алган эмес.

Милиция менен митингчилердин кагылышуусу. Сүрөт баян

Маалым болгондой, Үмүтбек Алтынбек уулу 2001-жылы Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Кара-Булак айылында туулган. 9-классты айылдагы мектепте аяктап, кийин окуусун Бишкекте уланткан. Көз жумган жигит кесиптик орто окуу жайды бүтүрүп, тигүүчүлүк кесипке ээ болуп иштеп жаткан.

Үмүтбек Алтынбек уулун акыркы сапарга узатуу туулган айылында, өз үйүндө өткөн. Анын зыйнатына Лейлек районунун жетекчилиги катышканы айтылды.