БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп коронавирустан айыгып, дарылануусуна 100 миң доллардан ашык каражат корогону айтылды. Бул тууралуу New York Times гезитине таянып РИА Новости жазды.
Президент госпиталда үч күн жаткан.
"Трамп тик учак менен келип, кайра тик учак менен кетти. Ал көп ирет коронавируска карата тесттен өтүп, кычкылтек, стероиддер жана эксперименталдык антителолорду алган. Эгерде президенттен башка адам болгондо 100 миң доллардан кыйла көп чыгым тартмак", — деп жазган гезит.
Басылма тик учактын келип-кеткени эле 40 миң доллар чыгашага турарын белгилейт.
Ак үй: COVID-19 жуктуруп алган Трамптын абалы кескин начарлап кеткен
Трамп ооруканадан дүйшөмбү күнү чыгарылган. Дарыгерлер Трампта коронавирустун симптомдору жок деп белгилешти.
Сакайып чыккан АКШ президенти коронавирусту жайылтканы үчүн Кытай "көргүлүктү көрөт" деп убада берди.
"Буга Кытай айыптуу. Ошондуктан Кытай биздин өлкөгө жана дүйнө жүзүнө жасаган кыянаттыгы үчүн тийиштүү жазасын алат", — деп Ак үйдөн жасаган видеокайрылуусун Трамп Twitter баракчасына жарыялаган.
Кытай бул айыптоолорду четке кагып келет.
Трамп ошондой эле коронавируска каршы вакцина АКШда президенттик шайлоодон кийин ноябрь айында чыгарын, буга саясий кырдаал себеп экенин белгилөөдө.