ЖК төрагасы Абдылдаев бийликке жаштар келишин каалайт

6-октябрь күнү өлкөдө түзүлгөн кырдаалга ылайык мурдагы төрага Дастан Жумабеков өзүнүн жазган арызы менен кызматынан кеткен. Жаңы спикер болуп "Бир Бол" фракциясынан депутат Мыктыбек Абдылдаев шайланган.
Sputnik

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин спикери Мыктыбек Абдылдаев бийликке жаштар келсин деген көз карашты колдойт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасында билдирди.

"Абдылдаев спикерлик милдетти өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу максатында убактылуу алып барууда. Ал премьер-министрлик кызматты же башка кызматтарды көздөбөйт. Бийликке жаштар келсин деген көз караштарды колдойт", — деди.