БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов ЖК депутаттары Искендер Матраимов, Асылбек Жээнбеков менен жолугуп сүйлөшкөнүн билдирди.
Ал азыр өлкөнү турукташтыруу үчүн кимиси менен болсо да сүйлөшүүгө даяр экенин айтты.
"Асылбек Жээнбековдун офисине бардым. Ооба, "мыйзамсыздыкка барбагыла, бир жерди баса калууну токтоткула, сураныч" деп сүйлөштүк. Жашыруун болгон жок, Искендер Матраимов менен сүйлөшкөндө беш адам отурду бул жерде (мэрдин кабинетинде — ред.)", — деди Мырзакматов.
Алар ушундай абалдын жаралышына өздөрүн күнөөлүү сезип жатабы деген суроого экс-мэр "кырдаалдан чыгып алгандан кийин күнөөсүн прокуратура менен сот сурайт" деп жооп берди.
Мырзакматов бүгүн калаа башчысы Таалайбек Сарыбашовдун кабинетинде журналисттерге интервью берди. Бул учурда мэр өзү иш бөлмөсүндө жок болгон.
Мэрликке келеби? Мелис Мырзакматов шаар башчысынын кабинетинен маек курду
Эске салсак, Мырзакматов Бишкекте эл Ак үйдү басып алгандан кийин 7-октябрга караган түнү Түркиядан Ошко учуп келген. Ал мэрлик кызматка кайра отурары боюнча кептер тараган.
Мелис Мырзакматов 2014-жылдын ноябрында шаарды аралап өтчү асма көпүрөнү салууда коррупциялык иштерге барган деп айыпталып, издөө жарыяланган. Бирок бул убакта ал өлкөдөн чыгып кетүүгө үлгүргөн. Кийин 2015-жылдын июль айында жети жылга сыртынан кесилген.