БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Сербиялык теннисчи Новак Жокович Франциянын ачык чемпионаты мелдешинде ойноп жатып, дагы бир жолу капталдагы калысты топ менен уруп алды. Бул тууралуу Eurosport_UK маалымат булагынын Twitter баракчасына таянып РИА Новости жазды.
Окуя мелдештин төртүнчү айлампасында Новак Жокович менен россиялык Карен Хачановдун беттешинде болгон.
Серб спортчусу атаандашынын берген тобун ийгиликсиз кайтарган. Анын натыйжасында топ каптал сызыгын көзөмөлдөгөн калыстын бет тушуна тийген. Бактыга жараша, "адашкан сокку" калыска олуттуу жаракат келтирген эмес. Беттеш андан ары улантылып, Жокович атаандашы Хачановду үч бөлүктө (сет) 6:4, 6:3, 6:3 эсеби менен уткан.
Кыргызстандык спортчу "футболдук сокку" үчүн ММА турниринен четтетилди. Видео
Дүйнөнүн биринчи ракеткасы Новак Жокович буга чейин капталдагы калысты кокусунан топ менен уруп алганы үчүн US Open мелдешинен куулган.
Чейрек финалда ал испаниялык Пабло Карреньо Буста менен беттешип жатып, топту корттон сыртка уруп салган. Топ кокусунан сызыкты көзөмөлдөгөн калыска тийип, ал айым кулап түшкөн. Жоковичтин бул жоругун уюштуруучулар спортко терс келген аракет деп баалашып, аны ошол замат мелдештен четтетишкен.