БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп өзүн Россия менен байланышы бар деген маалыматтар боюнча документтердин баарын ачыктоого буйрук берди. Бул тууралуу бүгүн РИА Новости жазып чыкты.
Ал ошондой эле АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон менен жеке сервер аркылуу байланышкан маалыматтарды да коомчулукка жарыялоону чечкен.
"Мен Америка тарыхындагы эң ири саясий кылмышка, Россия менен байланышкан алдамчылык боюнча бардык документтердин сырларын толугу менен ачыктоого буйрук кылдым. Ошондой эле Хиллари Клинтондун электрондук почтасына байланышкан чыр боюнча да маалыматтарды эч кандай өзгөртүүсүз коомчулукка жарылоого макулдук бердим", — деп Трамп Twitter баракчасына жазган.
Трамп экс-президент Обаманы мамлекеттик чыккынчылыкка айыптоодо
Дагы бир постунда АКШ лидери "Россия менен мамилеси" жөнүндө бардык маалыматтарды мурда эле коомчулукка жарыялаганын эске салган.
"Тилекке каршы, биздин өлкө үчүн адамдардын көргөн аракети өтө жай болду, өзгөчө бул биздин өлкөнүн тарыхындагы эң чоң саясий кылмыш болушу мүмкүн экенин эске алганда өтө жай иштешти. Чамдагыла!" — деген Трамп.
АКШ Россияны 2016-жылдагы президенттик шайлоого кийлигишти деп айыптаган. Москва муну жокко чыгарып келет.
Американын атайын кызматы Россия менен "мамилеге" байланышкан билдирүүнүн алкагында учурдагы президенттин штабынын кызматкерлерин аңдышкан. Аягында "Россияга байланышкан ишти" атайын прокурор Роберт Мюллер иликтеп, "мамиле" боюнча далил таба алган эмес.