БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Көптөгөн бизнесмендерге азыр саясий партиялардын өкүлдөрүнүн атынан ар кандай адамдар келип жаткандыгын Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева "Ала-Тоо" аянтындагы митингде билдирди.
"Алар кен чыгуучу жерлерди басып алып, бизнесмендерге кайсы бир партиянын атын айтып, "отметка" сурап жатышат. Чагымчылдыкка алдырбагыла, революционерлердин эч кимиси силерге барбайт. Эч ким!" — деди эл өкүлү.
Ушул тапта Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында 4-октябрда нааразычылык акциясына катышкандар митинг өткөрүп жатышат.