Жээнбековго импичмент! "Ала-Тоо" аянтында жаштар митинг өткөрүп жатышат. Сүрөт

Сөзгө чыккандар 4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгартууга жаштардын салымы чоң экенин белгилешти. Алар учурда бийликке дайындалып жаткандардын баарын тааныбай турганын айтышууда.
Sputnik

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Ушул тапта Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында 4-октябрда нааразычылык акцияга катышкандар митинг өткөрүп жатышат. Бул тууралуу жеринен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

Алар президентке импичмент жарыялап, бийликке жаштардын келишин талап кылышууда. Сөзгө чыккандар 4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу ийгилиги жаштарга таандык экенин белгилешти.

Жапаровдун премьерлигин тааныбайбыз! Дагы бир Координациялык кеңештин билдирүүсү

"Адилетсиз бийликти жаштар кетирди. Эч бир саясий партия лидери болгон жок. Эми эскилер келип кызмат орун талашканы туура эмес. Биз азыр парламентти чогултушубуз зарыл. Учурда бир гана легитимдүү орган — бул парламент. Ал президентке импичмент жарыялашы керек. Жээнбеков элин таштап качты, бизди сатып кетти", — деди акцияга катышкан депутат Эльвира Сурабалдиева.

Ал ошондой эле элди аймактарга бөлбөөгө чакырып, бир ууч топтун дайындоосу менен кызматка дайындалгандарды тааныбай турганын кошумчалады.

Митингчилер президентке импичмент жарыялап, бийликтин жаңылануусун, ага жаштардын келүүсүн талап кылышууда.