Оштун борбордук аянтына боз үйлөр тигилүүдө. Сүрөттөр

Түштүк калаада бийликти бир нече саясий күч талашып жатканы айтылууда. Алардын тарапташтары улам аянтка чыгып жатышат.
Sputnik

ОШ, 7-окт. — Sputnik. Ош шаарынын борбордук аянтына боз үйлөр тигиле баштаганын жеринен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

Үйлөрдү тигип жаткандар аракетинин себебин айтуудан баш тарткан. Буга чейин аянтка миңдей киши чогулган болчу, азыр алар тарай баштады.

Белгилей кетсек, Ошто бийликти бир нече саясий күч талашып жатат. Айрымдары кечээ Ошко келип, митингчилердин алдында сүйлөгөн мурунку мэр Мелис Мырзакматовду колдоодо.

Жардам берем десеңиз... Элдик кошуундардын дареги жана телефондору

Дагы бир топ — ЖК депутаты Дүйшөн Төрөкуловдун тарапташтары. Эл өкүлү алгач өзүн мэр деп жарыялап, кийин шаардык кеңеш ишенбөөчүлүк көрсөткөнүнө карабай мэр Таалайбек Сарыбашевге кызматты өткөрүп берген.

Үчүнчү топ Таалайбек Сарыбашевди колдоп, шаардык кеңештин депутаттарынын чечимине каршы чыгып жатат. 50-70тей киши легитимдүү президент экенин айтып Сооронбай Жээнбековдун таламын талашууда.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлагандай, учурда облус жетекчилигине отставкага кеткен Байыш Юсупов кайтып келди. Аппараттын штаттык режимде иштеп жатканы айтылды.