БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Ош шаарынын борбордук аянтында митинг өтүп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.
Анын айтымында, аянтка чогулгандар шаардын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашовду колдоп келишкен. Алар Сарыбашов легитимдүү мэр боюнча калышын айтып, мыйзамдуулукту талап кылышууда.
Ошто Таалайбек Сарыбашовду колдогон митинг өтүп жатат. Сүрөт, видео
© Фото / Зульфия Тургунова
Аянтка болжол менен 200дөн ашык киши чогулган. Кабарчы билдиргендей, митингге келип кошулгандардын саны өсө баштады.