Нарын милициясы: Кара-Кече көмүр кенин кримтөбөл басып алган эмес

Кара-Кече көмүр кени баш ийген "Кыргыз көмүр" ишканасы филиалын 100дөй кишиден турган топ ээлеп алганын айткан эле. Басып алгандар бир катар аракеттерге барышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенин "Саяк" каймана аты бар кримтөбөл Мурат Кадыркулов басып алган эмес. Бул тууралуу Нарын ОИИББдин маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин Кара-Кече көмүр кени баш ийген "Кыргыз көмүр" ишканасы филиалын 100дөй кишиден турган топ ээлеп алганын айткан. Басып алгандар филиалдын кассасынан акча жана көмүр иштетүүдөн түшкөн жарым миллион сомдон ашык каражатты тартып алып, филиал жетекчилигинин алмашуусун талап кылып жатканы айтылган. Мындан тышкары, көптөгөн автоунаалар кенге уруксатсыз кирип жатканы, бул 2020-2021-жылдагы жылуулук берүү мезгилине терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин белгиленген.

"Кумтөрдүн" Бишкектеги кеңсесине белгисиз адамдар кирип барганы айтылды

Милицинын билдиришинче, аталган факт Жумгал РИИБи тарабынан каттоого алынып, ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында жогоруда айтылгандар тастыкталган эмес.

"Көмүр филиалынан белгисиз адамдар акча каражатын тартып алганы жана көмүрдү бекер чыгарып кеткени аныкталган жок", — деп айтылат маалыматта.

Учурда "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече филиалында иш штаттык режимде жүрүп жатканы кошумчаланды.