Мелис Мырзакматовдун Ошко келген видеосу тарады

Мырзакматов жеке учак менен келип, аны аэропорттон бир нече жолтандабас менен келген тарапташтары тосуп алган.
Sputnik

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов Кыргызстанга келди. Анын учактан түшүп жаткан видеосу социалдык тармакка жарыяланды.

Кадрдан Мырзакматов жеке самолёт менен учуп келгенин көрүүгө болот. Аны аэропорттон бир нече жолтандабас менен келген тарапташтары тосуп алган.

Кечээ муниципалитеттин имаратына Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкуловду Ош шаарынын мэринин ордуна сунуштап 200 киши келген. Алар мэрдин кабинетинин иш бөлмөсүнө киргенден кийин Төрөкулов өзүн мэр деп жарыялаган.

Бирок учурда Мырзакматовду дал ушул орунга сунуштап аянтта миңдеген тарапташтары күтүп турат.

Эскерте кетсек, Мелис Мырзакматов 2014-жылдын ноябрында шаарды аралап өтчү асма көпүрөнү салууда коррупциялык иштерге барган деп айыпталып, издөө жарыяланган. Бирок бул убакта ал өлкөдөн чыгып кетүүгө үлгүргөн. Кийин 2015-жылдын июль айында жети жылга сыртынан кесилген.