Үч ирет басып алуу аракети болду! MegaCom компаниясындагы кырдаал

Компаниянын маалымат катчысы Жумгалбек Өмүракунов акыркы суткаларда кандай окуялар болгонун айтып берди.
Sputnik

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. MegaCom компаниясын бир күндө үч ирет басып алуу аракети болду. Бул тууралуу уюлдук оператордун маалымат катчысы Жумгалбек Өмүракунов билдирди.

Редакцияга компаниянын башкы кеңсесине куралчан 20 киши киргени боюнча маалымат түшкөн. Өмүракунов алар элдик кошуундун өкүлдөрү экенин билдирди.

Үч ирет басып алуу аракети болду! MegaCom компаниясындагы кырдаал
"Бүгүн эч кандай басып алуу болгон жок. Кечээ эртең мененки саат 6.00дө адамдар келип, башкы директордун кабинетин ээлеп алышкан. Алар коллектив менен жыйын өткөрүүгө да жетишти", — деди ал.

MegaCom мамлекеттик компания болгондуктан башкы директорду Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду дайындаш керек. Бирок "жаңы жетекчиликтин" тийиштүү документтери болгон эмес.

"Алардан кийин дагы башка адамдар эки ирет басып алууга аракет жасашты. Бирок алар орун бош эмес экенин көрүп кайра кетип калышты. Кечээ ошону менен бизди үч ирет басып алуу аракети болду", — деди Өмүракунов.

Маалымат катчынын айтымында, кырдаалды элдик кошуундун өкүлдөрү жөнгө салган. Алар "жаңы жетекчиликке" келип имараттан чыгып кетүүлөрүн талап кылганда гана кетишкен. Өмүракунов шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандыктан компанияга мурдагы директор Акылбек Жамангулов кайтып келиши керектигин кошумчалады. Буга чейин Жамангулов "Биримдик" партиясы менен шайлоого катышкан.