Люстрация мыйзамы ишке кирсе кимдер бийликтен кол жууйт. Түшүндүрмө

Люстрация — тазалануу дегенди түшүндүрөт. Дүйнөлүк тажрыйбада айрым аткаминерлерди мыйзамдык жактан чектөө менен саясий айдыңды тазалоо максатында колдонулат.
Sputnik

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Кыргызстанда бир нече жылдан бери демилгеленип келген люстрация мыйзамы бул жолку толкундоодо дагы кайрадан сөз болуп жатат.

Тагыраагы, бүгүн Садыр Жапаровдун премьер-министр болушуна жана бийликке кайрадан эски саясатчылардын келишине каршы болуп,  Бишкекте өкмөт үйүнүн алдына митингге чыккан топ люстрация талап кылууда.

Люстрация деген эмне, бул мыйзам эмнени көздөйт? Суроого Sputnik агенттигинин кабарчысы ачык булактардан жооп издеп көрдү.

Люстрация — тазалануу дегенди түшүндүрөт. Дүйнөлүк тажрыйбада айрым аткаминерлерди мыйзамдык жактан чектөө менен саясий айдыңды тазалоо максатында колдонулат. Көбүнесе мурдагы бийликтин мыйзамсыз иштерине көз жумуп же ага аралашып жүргөн адамдарга каршы иштейт.

Башкача айтканда, мамлекеттик аппарат мурдагы бийликтин идеологиясын жана саясатын колдоп, ишке ашырып жүргөн аткаминерлерден тазаланат. Ошондой эле аларга жогорку саясий жана аскердик кызматтар берилбейт. Зарыл болгон учурда кылмыш жазасына тартылып, бардык айыптары ЖМКлар аркылуу элге жарыяланат.

Сооронбай Жээнбеков: Ак үйгө чабуул жасагандарга күч колдонгон жокмун

Мыйзамдын негизги үч принциби:

  • ал кайсы бир адам же саясий топтун куру айыптоолору менен эмес, мыйзам түрүндө бийликке келген, эл өзүнүн башчысы катары тааныган адамдар тарабынан жүргүзүлөт; 
  • люстрация мыйзамы кишинин күнөөсү далилденгенде гана ишке ашышы керек. Ошондой эле жаза ал кылган күнөөгө теңме-тең белгиленет;
  • айрым кишилер кайсы бир бийликтин саясатына макул болбосо деле алар менен иштешип жүрө бериши мүмкүн. Анткени мамлекеттик кызматкердин милдети жана маданияты деген түшүнүк бар. Албетте, ал адам ишин таштап кетсе болмок. Бирок үй-бүлөлүк шарты же кесипти ашмаштырууга мүмкүнчүлүктүн жоктугу сыяктуу кырдаалдар болушу ыктымал. Бул нерселерге да көңүл бурулушу керектиги айтылат.

Кыргызстанда

Кыргызстанда тазалануу же люстрация мыйзамын 2010-жылдагы 7-Апрель окуясынан кийин алгачкылардан болуп коомдук ишмер, ошол кездеги  убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн бири Топчубек Тургуналиев активдүү демилгелеген.

Анда "Люстрация жөнүндө" мыйзамды кабыл алуу үчүн референдум өткөрүү көздөлгөн. Бирок демилгелүү топ макул болгон жарандардын кол тамгаларын учурунда тапшырбагандыгы үчүн референдум ишке ашкан эмес.

Акыркы ирет "Люстрация" бирикмеси Юстиция министрлигине "Люстрация жана Кыргыз Республикасындагы коррупцияны алдын алуу" деп аталган мыйзам долбоорун каттоого алуу сунушун берген. Бирок ведомство ушул жылдын апрель айында аны каттоодон баш тарткан.

Партия мүчөлөрү акча талап кылса эмне кылуу керек? Сурабалдиеванын кайрылуусу

Кыргызстандагы абал

5-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон сегиз партия "Ала-Тоо" аянтына митингге чыккан. Кечке жуук чогулгандардын саны көбөйүп, таңга маал митингчилер Ак үйдү алышты. Көп өтпөй акциянын катышуучулары УКМКнын имаратын басып кирип, бир нече саат ичинде абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, саясатчылар Садыр Жапаров, Равшан Жээнбеков, эртеси түштө Фарид Ниязов жана Бишкектин экс-мэри Албек Ибрагимов чыгарылган.

6-октябрь күнү кечинде Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Кубатбек Боронов кызматтан кетти. Спикер болуп Мыктыбек Абдылдаев шайланды. Ал эми парламенттин кезексиз жыйынында премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлиги жактырылды.

Бирок бүгүн эртең менен бул чечимге, негизи эле бийликке кайра эски жүздөрдүн келишине нааразы болгон топ өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгып, люстрация талап кылууда.