Курсан Асанов: жалгыз күнөөм — Атамбаевди тирүү кармаганым

Эске салсак, Курсан Асанов "кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишенимден кетти" деген негиз менен 2019-жылы 13-августта кызматтан бошотулган.
Sputnik

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Жалгыз күнөөм — Атамбаевди тирүү кармаганым. Бул тууралуу ички иштер министринин милдетин убактылуу аткарып жаткан Курсан Асанов Sputnik Кыргызстан агенттигине маек берип жатып айтты.

Журналист Курсан Асановго "өзүңүздү акташ үчүн мыйзамдын негизинде Кашкар Жунушалиевдин артынан түшөсүзбү?" деген суроо берген.

"Мен Кудайдын, элдин, кыргызстандыктардын, журналист, активист, блогерлердин арты менен эбак акталгам. Жалгыз күнөөм — Алмазбек Атамбаевди тирүү кармаганым. Баары түшүнүктүү го деп ойлойм. Менде материал, далил жетиштүү. Бул тууралуу сотто да айткам, силерге да айтып жатам. Эч нерсе болгон эмес. Баары башынан аягына чейин ойдон чыгарылган", — деди Асанов.

Асанов Кой-Таш окуясынан кийин бийлик тараптан анын үй-бүлөсү, жакындары куугунтукка кабылганын кошумчалады.

Эске салсак, Курсан Асанов "кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишенимден кетти" деген негиз менен 2019-жылы 13-августта министрдин орун басарлык кызматынан бошотулган. Ага карата кылмыш иши козголуп, үй камагына алынган.

Курсан Асанов: элдик кошуун менен жөнөкөй кийинип милиция да жүрдү

Анын артынан жан сакчысы Дамирбек Пайзылда уулу кармалып, кийин үй камагына чыгарылган. Ал эми өкүл баласы Турсунбек Бейшенбековду 2020-жылдын 20-январында Аскер прокуратурасы сурактан кийин кармаган. Бирок баш коргоо чарасын тандаган сот аны үй камагына чыгарган. Мындан сырткары, Асановдун жубайы жана туугандары да суракка чакырылганы айтылган.

Өлкөдө 6-октябрда эл тарабынан Ак үй басып алынып, бир топ өкмөт мүчөлөрү кызматынан кетишкен. Анын ичинде ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев дагы бар. Учурда анын милдетин убактылуу Курсан Асанов аткарып жатат.