Бишкекте Садыр Жапаровдун премьер болушуна каршылар митингге чыкты. Сүрөттөр

Чогулгандар кайра эле бийликке эскилер келгени жатканын айтышууда. Арасында элди мыйзамды сактоого, ынтымакка чакырып жаткандар дагы бар.
Sputnik

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Бишкекте өкмөт үйүнүн алдына Садыр Жапаровдун премьер-министр болушуна жана бийликке кайрадан эски саясатчылардын келишине каршы болгон топ митингге чыкты. Бул тууралуу жеринен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

Андагылар "Эскилерге жол жок!", "Люстрация кылыш керек!" деген плакаттарды даярдап жатканын көрүүгө болот.

Чогулгандар кайра эле бийликке эскилер келгени жатканын айтышууда. Арасында элди мыйзамды сактоого, ынтымакка чакырып жаткандар дагы бар.

Митинг өтүп жаткан жерде элден бир аз обочолонуп милиция кызматкерлеринин турганын көрүүгө болот.

Эске салсак, өткөн түнү Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйында Садыр Жапаровдун талапкерлигин премьер-министрлик кызматка жактырган.