Бишкек мэриясы өз калыбында иштөөдө. Шаар кызматтарынын жумушу сүрөттө

Ордо калаанын убактылуу жетекчисинин айтымында, чарбалык, отун-энергетикалык жана авариялык кызматтар мурдагыдай иштеп баштады.
Sputnik

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясы кадимки тартипте ишин улантууда. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, мэрдин убактылуу милдетин аткаруучу болуп Алмаз Бакетаев расмий дайындалды. Ал алгач эле вице-мэр, аппарат жетекчиси жана район акимчилигинин өкүлдөрү менен ыкчам жыйын курду.

Чогулушта шаардын жашоосун үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын алгоритми талкууланды.

Бакетаев белгилегендей, чарбалык, отун-энергетикалык жана авариялык кызматтар мурдагыдай режимде иштеп жатат. Пландалган иштер график боюнча жүрүүдө.

Жалал-Абаддын мэри Мураталы Тагаев кызматын тапшырды

Ошондой эле жылытуу мезгилине даярдыктар кызуу жүрүп жатканы айтылды. Шаардыктардын үйүнө ысык суу менен жылуулукту эки уюм — Улуттук энергетикалык холдингдин туунду ишканасы "Бишкек жылуулук" ААКы менен мэрияга караштуу "Бишкек жылуулук энергия" коммуналдык ишканасы берет.

Мэриянын айтымында, абанын орточо суткалык температурасы 5 күн катары менен +8 градус болгондо жылуулук берилип баштайт.

Ошондой эле Бишкек шаарын убактылуу башкарып жаткан Алмаз Бакетаев мэрия координациялык кеңештин жана өзүн калаа жетекчиси деп жарыялаган адамдардын көзөмөлүндө деген маалыматты четке какты. Ал белгилегендей, бардык аракеттер мыйзам чегинде болушу керек.

Эске сала кетсек, кечээ Бишкек шаарынын мэринин иш кабинетин Жоошбек Коеналиев ээлеп алган эле. Көп өтпөй мэр Азиз Суракматов өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын берген.

Бирок кечинде шаардагы кырдаалды жөнгө салууну көздөгөн координациялык кеңеш Коеналиевдин ордуна Алмаз Бакетаевди бекиткен.