БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. "Кумтөр Голд Компани" компаниясынын Бишкектеги кеңсесине белгисиз адамдар кирип барды. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматынын жетекчиси Марина Гаврилова билдирди.
Анын айтымында, ишкананын кеңсесине болжолу менен 30 кишиден турган топ кирип алган.
Жер-Үй кенине белгисиз адамдар кирип барганына байланыштуу ишин токтотту
"Отуздай адам алгач "Учкун" имаратына, андан соң "Кумтөрдүн" кеңсесине киришти. Биз элдик кошуундардан, укук коргоо органдарынан жардам күтөбүз", — деди Гаврилова.
Ал учурда кеңседе эч ким жок экендигин, бардыгы аралыктан иштеп жатканын кошумчалады.