Бишкекти 1500дөн ашык элдик кошуундун мүчөлөрү кайтарып жатат

Элдик кошуундун мүчөлөрү бир нече объектини кол салуудан сактап калды. Алар бири-бирине жардам берип жатышат.
Sputnik

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. 1500дөн ашык адам элдик кошуундун тобуна жазылды. Бул тууралуу Бишкектеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча түзүлгөн Координациялык кеңештен билдиришти.

Аталган кеңештин төрагасы Мирлан Бекитаев элдик кошуун, демилгелүү топтор, жарандык активисттер, жаштар уюмдары менен биргеликте коомдук тартипти сактап, мародерлукка жол бербөө үчүн шаардыктарга кайрылуу жасады.

"Бишкек шаарынын жарандарын жана активисттерин провокацияга алдырбоого чакырабыз. Учурда шаарда 1500дөн ашык элдик кошуундун күчү менен максималдуу түрдө тартип сактоо аракети жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Координациялык кеңеш көңүл кош карабаган жарандарды Бишкекти коргоодо күчтү бириктирүүгө чакырды. Ошондой эле түрдүү фейктерге ишенбөөнү суранышты.

"Шаар Бишкек мэриясы менен автивисттердин көзөмөлүндө. Биз саат сайын такталган маалыматтарды берип турабыз", — дешти кеңештен.

Тилек Усупов Бишкек шаары боюнча элдик кошуундун координатору болуп дайындалды.

Сурап билүү телефону: 0999252525