ОШ, 6-окт. — Sputnik. Ош шаарында саясатчы Дүйшөн Төрөкулов өзүн калаа мэри деп жарыялады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.
Анын айтымында, бүгүн администрация имаратына Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкуловду калаа мэринин ордуна сунуштап 200 киши келген. Акыркысы мэрдин кабинетинин иш бөлмөсүнө киргенден кийин Төрөкулов өзүн мэр деп жарыялаган.
Бирок мурдагы мэр Мелис Мырзакматовду дал ушул орунга сунуштап аянтта миңдеген тарапташтары турат. Алардын айтымында, Мырзакматов түштүк калаага бүгүн, 6-октябрда, келет.
Көпчүлүк коалиция Садыр Жапаровду премьер-министр кылып шайлады
Эске салсак, бүгүн Ош шаардык кеңешинин 31 депутаты калаа мэри Таалайбек Сарыбашовго ишенбөөчүлүк көрсөткөн.
Белгилей кетсек, 5-октябрь күнү борбор калаада парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып, андан соң күч органдары митингчилерди аянттан сүрүп чыгарган. Бирок эл артка чегинбей, акыры Ак үйдү алган.