Сапар Исаков: эч ким портфель талашкан жок, негизги максат башка

Мурдагы премьер-министр ушул тапта өлкөнүн артка кеткен экономикасын калыбына келтирүү маанилүү экенин белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Азыр саясий партиялар кызмат бөлүштүргөн жок, учурда негизги максат — иштей турган өкмөттү калыбына келтирүү. Бул тууралуу Координациялык кеңештин маалымат жыйынында мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков билдирди.

"Азыр эч ким портфель талашкан жок, эң маанилүүсү, толук кандуу иштечү өкмөттү калыбына келтиришибиз керек. Бардык аракеттерибиз Баш мыйзамдын негизинде болушу шарт", — деди Исаков.

Ал ушул тапта өлкөнүн артка кеткен экономикасын калыбына келтирүү маанилүү экенин белгиледи.

"Экономика аябай түшүп кетти. Аны калыбына келтиришибиз керек. Андан тышкары, пандемиянын экинчи толкуну келе жатат. Андыктан башка саясий партияларды дагы бизге кошулуп бирге иштешүүгө чакырабыз", — деди мурдагы премьер-министр.

Адахан Мадумаров Координациялык кеңешти жетектемей болду

Белгилей кетсек, түндө мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду митингчилер Молдовановкадагы колониядан чыгарып Бишкекке алып келишкен. Исаков Жаза аткаруу кодексинин 72-беренесинин 5-пунктуна ылайык, 23-сентябрдан тарта жазасын ушул колонияда өтөп баштаган. 2018-жылдын жай айынан бери УКМКнын тергөө абагында кармалып, кийин аны Петровка айылындагы №1 СИЗОго убактылуу которушкан.