Саясатчы Садыр Жапаровду борбордук аянтка алып келишти

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митинг уюштуруп, 6-октябрь күнү түнкү саат 3төр чамасында Ак үйдү басып алышты.
Sputnik

БИШКЕК, 6-окт. – Sputnik. Саясатчы Садыр Жапаров да эркиндикке чыкты, тарапташтары аны Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтына алып келишти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары жеринен билдиришти.

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митинг уюштуруп, 6-октябрда түнкү саат 3төр чамасында Ак үйдү басып алышты. 

Андан соң УКМКнын имаратына кирип барып президент Алмазбек Атамбаевди алып чыгышкан.

Садыр Жапаровдун иши

2013-жылы Ысык-Көл облусунун Саруу айылында Кумтөр кенин улутташтыруу талабы менен митинг өтүп, тергөөнүн маалыматы боюнча, аны Садыр Жапаров каржылаган. Катышуучулар ошол кездеги облус губернатору Эмилбек Каптагаев баш болгон бир нече адамды барымтага алганы айтылган. УКМКнын берген маалыматы боюнча, акцияга чыккандарды Жапаров телефондон тескеп турган. Мындан улам Жапаровго карата Кылмыш-жаза кодексинин "Өлтүрөм деп коркутуу", "Барымтага алуу", "Бейбаштык" жана "Бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, сот 11,5 жылга эркинен ажыраткан.

Алаканга салгандай Ак үй, жабыла кирген митингчилер. Фотофакт

 Жапаров Молдовановка айылындагы түрмөдө жазасын өтөп жаткан.